www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык ушул жылдын январь-май айларында “Кумтөрдөн” мамлекеттик бюджетке 4 миллиард 447,1 миллион сом түшкөнү маалым болду. 

Анын ичинен 4,3 миллиард сом мамлекеттик казынага “Кумтөрдүн” дүң кирешесинен салык түрүндө болсо, дагы 132 миллион 288,2 миң сому өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө жылдык сумма түрүндө бөлүнгөн.

Ал эми былтыр 2022-жылдын ушул эле мезгилинде “Кумтөр” казынаны 17 миллиард 463,4 миллион сомго толтурган. Анын 13,6 миллиард сому минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө түшкөн. 

Ошондо, быйыл былтыркыга салыштырмалуу 13 миллиард сом,  дээрлик 4 эсе аз салык түшкөн десек болот. 

Белгилеп кетсек, 2022-жылы “Кумтөр” бюджетти 29 миллиард 429,6 миллион сомго толуктаган.  Анын көбү, 64 пайызы казынага минералдык-сырьелук база үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөм аркылуу 18,8 миллиард сом түшкөн.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости