www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун губернатору Илияз Иманбетов өткөн сезондо иштей албай, алсыз дараметин көрсөткөн. Президенттен тил угуп, сөгүш алганы бар. “Эшегине жараша тушагы” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Ысык-Көл ОИИБ начальниги Орунбай Кочкоров губернаторго бап келишип, бирибирине жарашып эле калышыптыр. Ушундайларды кайдан таап алышат ыя?

Ошентип, оргу-баргы Орунбай Кочкоров экинчи жолу ИИМ тарабынан катуу сөгүш алды. Себеби, кол астындагылары топтошуп алып ичип, мас абалдарында кызматтык машинаны айдап жүрүшкөн. Анысы видеого тартылып, соцтармакка жайылып кетти. Тартип, коопсуздукту тескей тургандардын жүзү ушундай! Мунун баары облустук жетекчиликке байланыштуу да. Маселен, ушу тапта Орунбай Кочкоровду өздүк курамы тоготпойт, ага карата тескери пикирде экени жашыруун эмес.

Ал эми орун басарлары, РИИБ башчылары шылдыңдап күлүшүп, шакабага айлантып алышканын угуп эле жүрөбүз. Милициянын башчысы катары багыт бере албаса, үлгү көрсөтпөсө, билим, тажрыйбасы жетишпесе, мындай жагдайда коллективдин колдоосуна ээ болмок беле? Орунбайдын борсоюп чоң болгонуна декабрда бир жыл толот. Буга чейин көзгө толумдуу иш жасай албай, өзүнчө бушайманга батып, ыркты кетирүүдө. Келген жагынан ондогон кызматкерлерди котортуп алып, ич ара бөлүнө башташтыбы?

Айтор, башаламандык өкүм сүрүүдө. Милициянын тарыхында Ысык-Көл ОИИБ начальнигине мындай пас деңгээлдеги пенде келген эмеспи? Кызык, бул жагын да кыраатына келтире айтып атышат.

Кыскасы, “кызыл шапкечендердин” ойронун чыгарып, бийликти элге жаман көрсөтүп аткан кербезиби? Эмнеге төбөлдөр баа беришпейт? Же баары бири-бирине окшошпу? “Издешпей табышкандар” деген ыр жазгың келет да...

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Последние новости