www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга шаршемби күнү Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасына жасалган кол салууга Израилдин тиешеси бар деп ишенбейт.
— "Мен көргөнүм боюнча, муну сен эмес, башка бирөө жасаган окшойт" деди Байден. Ошол эле маалда президент жардырууга эмне себеп болгонун дагы деле көбү биле электигин белгиледи.
Хамастын маалыматына караганда, Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасы ракеталык чабуулга кабылып, 800дөй жайкын тургун набыт болгон. Израилдин Коргоо күчтөрү ооруканага кол салууга тиешеси жок экенин айтып, жардыруу Ислам Жихад кыймылынын ракета учуруусунун натыйжасы деп эсептейт.
7-октябрда Газада жайгашкан ХАМАС радикал тобу Израилдин түштүгүнө кандуу чабуул жасаган. Буга жооп катары Израилдин Коргоо күчтөрү Хамаска каршы аскердик операция баштаган.
Эске сала кетсек, АКШнын президенти акыркы учурларда Израилге жактоочу болуп бүтпөй койду. Дүйнөнү чындыкка үндөгүсү келген калп кадамдарынын бети ачылып турса дагы багытын бузбагандардын тилек максты кандай болду экен?
Булак: NazarNews.kg