www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги жулунуу, жакалашуу, же мушташуу акылы жоктордун жоругу. Саясый сабаттуулар, интригандар чырга май тамызып коюшуп, четте карап турушат. А алакөөдөн чоң муштумдар демдерин баса албай жулкуна беришет. Курулай айтышуу, арзыбаган эмоциялар менен.

Дал ушундай көрүнүш өткөн жумада болду. Парламенттен депутат Шайлообек Атазов кесиптеши Ырысбек Атажановго атырылып, “урам” деген таризде удургуптур. Күлкүнү келтирет. Муштаса эмне болот? Жиндилик да.

Убагында Баяман, Санжар да уруп-согуп, мушташып жүрүшчү. Аягы кандай тамамдалды? Атазов алардын тагдырларын кайталагысы келеби? Бир эсе таңыркайсың, Жогорку Кеңеш – Ош базар, же түрмө эмес да.

Адекваттуу депутат акылына, сөзүнө таянат. Аңкоо, зөөкүр муштумуна ишенет. Мына ушундан Шайлообек сабак алып, муундуу чөптүн үстү, булуттуу көктүн асты менен жүрүшү керек. Саясатта мүдүрүлүп, мертинип калыш бат эле. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Последние новости