www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесиндеги "Аль-Ахли" ооруканасындагы соккуга байланыштуу расмий билдирүү таратты.
"Аба чабуулунун натыйжасында көп сандаган курмандыктар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Биз бул коркунучтуу зомбулук окуясын кескин айыптайбыз жана аны эл аралык гуманитардык укуктун одоно бузулушу деп эсептейбиз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, кагылыш болгон тараптарды тез арада согуштук аракеттерди, ок атышууну токтотууга чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
17-октябрда Газа тилкесиндеги Аль Ахли ооруканасына ракета тийип, 600 киши мүрт кетип, 900дөй киши жарадар болгон. ХАМАС чабуул үчүн Израилди айыптаса, Израил күнөөнү "Ислам жихады" тобуна оодарган.
Иордания ооруканага кол салуудан кийин АКШ президенти Жо Байден менен төрт тараптуу саммитти токтотту. Буга чейин Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас да саммитке катышуудан баш тарткан.
Ооруканадагы каргашадан кийин Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде, Европанын Бир канча өлкөсүндө жана Канадада ири нааразылык акциялары тутанды.
Булак: NazarNews.kg