www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Франциск Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусунан кийин Газадагы абалдын үмүтсүз экенин белгилеп, гуманитардык кырсыкты алдын алууга чакырды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Папа шаршемби күндөрү Ватикандын Ыйык Петр аянтында өткөрүлгөн жалпы кабыл алуу жыйынында Жакынкы Чыгыштагы абалдарга токтолду.
Папа Франциск Израилдин Газадагы аль - Ахли баптист ооруканасына кол салуусунда 500 палестиналыктын каза болушунан кийин сөз сүйлөп: "Бүгүн да биздин ойлорубуз Палестина менен Израилде. Жабыркагандардын саны көбөйүүдө. Газадагы абал үмүтсүз. Гуманитардык кырсыкты алдын алуу үчүн колдон келгендин баарын аткарыңыздар, Куралдар үнү токтоп, жакырлардын, элдердин жана балдардын тынчтык үндөрү угулсун",- деди.
Католиктердин руханий лидери тынчтыкка чакыруусун кайталап, 27 - октябрда Ватикандагы коомдук иш-чарада тынчтык үчүн сыйынуу күнүн өткөрө тургандыктарын билдирди.
Рим папасы Франциск бул иш-чарага христиан дининин жана башка диндердин өкүлдөрүн чакырып: "Ал күнү кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18 :00дө Азиз Петруста дүйнө тынчтыгы үчүн бир саат дуа кылабыз",- деди.
Булак: NazarNews.kg