www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-майда президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков Фейсбук баракчасына билдирүү жазып, журналисттердин суракка алынганы боюнча маалымат жазды.
«Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган Клооп сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар — А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.). Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришти», — дейт ал.
Бул боюнча Болот Темиров менен суракка кирип чыккан журналисттер, алардын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.
Кечээ, 28-майда «Клооп» басылмасынын бир нече журналисти жана мурдагы кызматкерлери УКМКга суракка жеткирилишкен.
Андан соң «Клооптун» оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалганы маалымдалды. Ал эми басылманын журналисттери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыккан.
Укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.