www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ташкенттеги элчилиги мигранттардын мобилизациясы тууралуу кабарларды фейк деп атады. Акыркы күндөрдө интернетте Орусиядагы чет өлкөлүк жарандар, арасында борборазиялык эмгек мигранттары да аскерге чакырылууда деген маалыматтар тарап жатат.

Орусия Федерациясынын Өзбекстандагы элчилиги бул маалымат чындыкка коошпойт деп билдирди.

“Орусиянын Ички иштер министрлигинин жасалма буйругуна таянып, жарым-жартылай мобилизацияга Орусияда убактылуу жүргөн Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары да туш болот деген жалган маалыматтар тарап жатат. Келишим түзүүдөн баш тартышса, жумушка уруксаттан ажыратылып жана депортациялашат деп коркутушууда”, - деп айтылат дипломатиялык миссиянын билдирүүсүндө.

Элчилик өзбек жарандарын чагымдарга алдырбоого, расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.

Буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттердин бийликтери, анын ичинде Ташкент өз жарандарын чет өлкөлөрдөгү согуштарга катышпоого үндөп, андай аракеттер үчүн кылмыш жазасы каралганын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости