www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Ооганстандын баш калаасында Орусиянын элчилигинин жанында жасалган террордук актты кескин айыптайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Албетте, биз террордук акт тууралуу айтып жатабыз, бул таптакыр кабыл алынгыс. Биз мындай террордук актыларды кескин айыптайбыз», - деди Кремлдин өкүлү.

Ал белгилегендей, азыр эң негизгиси дипломаттарга жана өкүлчүлүктүн өкүлдөрүнө болгон окуя тууралуу жеринде маалымат берүү.

Ал «маалымат азыр такталууда» деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 5-сентябрда Орусиянын Кабулдагы элчилигинин алдында теракт болгон. «Рейтер» агенттигинин полицияга таянып жазганына караганда, бул жардырууну жанкечти-террорист жасаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жардыруудан дипломатиялык өкүлчүлүктүн эки кызматкери каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости