www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жардыруудан каза болгон кызматкерлеринин элесин эскерди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жардыруудан орусиялык дипломатиялык өкүлчүлүктүн эки кызматкери каза болгон.

Орусиянын элчилиги жарылууну иликтеп жаткан Ооганстандын коопсуздук кызматтары менен тыгыз байланышта экенин билдирди.

Алдын ала берилген маалыматтарда 15-20га чукул киши жабыркаган.

Буга чейин Рейтер агенттиги террорчу жан кечти талибдердин күзөт кызматына ок чыгаргандыгын жазган.

Эске салсак, 2021-жылы август айында "Талибан"* кыймылы Кабулду басып алып, өкмөттүк аскердик күчтөр менен согуш аягына чыккандыгын жар салган.

*"Талибан"* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости