www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы Кыргызстандагы орус тилдүү жарандарды коргоо чараларын күчөтүү керек деген билдирүү таратты.

«Комиссия мүчөлөрү Кыргызстанда биздин мекендештерге карата орой мамиле көбөйүп бара жатканына өтө тынчсызданат. Ал көрүнүштөрдүн түбүндө орус тилинде сүйлөгөн адамдарды тил жана улутуна карап кемсинтүү аракети жатат. Улуту башка жана православ дининде болгону үчүн орус баланы ур-токмокко алган окуя, жакында эле Бишкекте болгон кардардын орусча сүйлөгөн кызга кол көтөргөнү — кооптондура турган жагдай», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам алар Россиянын аткаруу бийлигинин жооптуу органдарын чет жердеги россиялык мекендештерди коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости