www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уралдын борборунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлө баштады. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аймактагы Башкы консулдук тарабынан "Екатеринбург" китепкана борбору менен биргеликте кыргыз режиссеру Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" көркөм тасмасы көрсөтүлгөн.

"Майрамдык иш-чарага шаардын мамлекеттик органдарынын, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер, диаспора уюмдарынын лидерлери жана активисттери, мекендештердин арасынан жаштар катышты. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Харлов Эгемендүүлүк күнү менен жылуу куттуктап, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады", — деп айтылат маалыматта.

Консул Нурлан Алымбеков көрүүчүлөргө Кыргызстандын эгемендүүлүгүн майрамдоонун тарыхы тууралуу айтып берип, бардык конокторго жана режиссер Айбек Дайырбековго тасмасы үчүн ыраазычылык билдирген.

Иш-чаралардын алкагында кыргыз режиссёрлорунун тасмаларын көрсөтүү, Кыргызстандын китепканасы менен "Екатеринбург" китепкана борборунун ортосундагы телекөпүрө, шахмат боюнча турнир жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын окуу күнү уюштурулмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости