www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун аймактык тескөөчүлөргө экономикалык кылмыштарды иликтөө укугун берүү боюнча демилгеси президенттин жарлыктарына карама-каршы келет. Бул тууралуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нуруйпа Муканова билдирди.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров ИИМге Салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактык тескөөчүлөргө кошумча укук берүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну тапшырган. Ага ылайык, аймактык тескөөчү милиционерлер экономика тармагындагы мыйзам бузууларды (лицензиялык, уруксат кагаздары жана башка тармак) аныктап жана бөгөт коё алат.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш ИИМ бизнес-түзүмдөрү менен бирге иштеп жүргөндө мекеме коррупцияга малынып кеткенин эскертти.

"Акылбек Жапаровдун тапшырмасы президенттин бизнести колдоо жана коргоо боюнча жакында эле кабыл алынган жарлыктарына карама-каршы келип калат. Жумушчу топтор бизнес-коомчулуктун катышуусу жок түзүлүп калган. Эми алардын жумушунун жыйынтыгы ишкерлердин ишмердүүлүгүнө таасир этет. Антикоррупциялык ишкердик кеңеш эгер аймактык тескөөчүлөрдүн укугун кеңейтүү боюнча чечим кабыл алынса, коррупциялык схемаларга ыңгайлуу шарт түзүлөт деп эсептейт", — деди Муканова.

Эске салсак, буга чейин бизнес өкүлдөрү министрлер кабинети президент Садыр Жапаровдун ишкерлерге байланышкан жарлыктарын көз жаздымда калтырып жатканын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости