www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыдагы парламенттик шайлоолордун мааниси өтө чоң. Бул тууралуу казакстандык белгилүү саясат талдоочу Досым Сатпаев билдирди.   

--"Менимче, Садыр Жапаров жаңы демократиялык түзүлүш эмес, көбүрөөк авторитардык системанын тарапкери. Ал үчүн, балким, ошол эле Путин үлгү болчу адам. Бул - албетте, өлкөдөгү жарандык коомго, саясий оппозицияга чоң чакырык.

Алдыдагы парламенттик шайлоо, президенттик шайлоодой эле чечүүчү роль ойнойт. Жапаров өзүнө лоялдуу парламентти каалайт, аны менен ал саясий монополияны түптөйт же Жогорку Кеңеш демократиялык негизде куралат, анда сөзсүз оппозициялык күчтөр болот.

Андай болсо, өлкөдө кайсы бир деңгээлде саясий баланс сакталмак. Кыргызстан мындан ары кандай багытта өнүгөт деген өңүттөн алганда алдыдагы парламенттик шайлоолордун мааниси өтө чоң", - дейт талдоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости