www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия америкалык он дипломатты өлкөдөн чыгарып, АКШнын 15-апрелде жарыяланган жаңы санкцияларына тиешелүү деңгээлде жооп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Чепа билдирди.

«Албетте биз да он дипломатын өлкөдөн чыгарабыз. Ишенип койгула, биздин ички ишибизге кийлигишип жатканы боюнча реалдуу дооматтарыбызды айта турган компаниялары бар. Аларга да тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Чепа.

15-апрелде Джо Байдендин администрациясы 2020-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүү жана таасир этүү аракети үчүн орусиялык 32 юридикалык жана жеке жакка карата санкциялар кеңейтилгенин билдирген. Мындан тышкары Ак үй Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин он кызматкерин өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Ошол эле маалда АКШнын Каржы министрлигинин Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы америкалык банктарга Орусия банкынан, Финансы министрлигинен жана Бакубатчылык фондунан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга тыюу салган.

14-апрелде Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанды сүйлөшүүгө чакырып, «Москва бул санкцияларга кескин жооп берерин» эскерткени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости