www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинадан аннексиялап алган Крым жарым аралына жакында жайгаштырган аскерлерин артка чыгара баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин 23-апрелдеги билдирүүсүндө айтылат. Анда бул аймакта аскердик машыгуулар бүткөнү үчүн жоокерлер туруктуу жайгашкан бөлүктөргө кайтарылганы белгиленген.

Белгилей кетсек, буга чейин Москва Украина менен чектешкен аймактарга жана аннексияланган Крымга оң миңдеген жоокер алып келгени кабарланган. Бул аскердик жүрүштөр эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курчуп, чыңалып турган учурга туура келди.

Киев өзүнүн чек арасына жакын аймактарга Орусия аскер күчтөрүн топтоп жаткандыктан, Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучунан кооптонуп, Батыштагы өнөктөштөрүнө кайрылган. Буга байланыштуу АКШ менен Евробиримдик да тынчсыздануусун билдирип, Кремлди чыңалууну жөнгө салууга чакырган болчу.

22-апрелде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу аскердик машыгуулардын негизги бөлүгү өтчү Крым жарым аралына барып, аскердик машыгууга катышып жаткан жоокерлерди 1-майга чейин туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүнө кайтууга буйрук бергени белгилүү болгон.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күчтөп өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды азыр деле Украинанын аймагы деп эсептейт. Ошондой эле Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миң кишинин өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жикчилдерди колдоп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости