www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен айткан сөздөрдү сен да айтчусуң. «Жарык дүйнөдөн издеген адамымды жолуктурдум» дечүсүң. Биздин мамилебиз күн санап тереңдеп баратты. Мен жалгыз бой болгонум менен сен үй-бүлөлүү, эки баланын атасы элең. Жубайың, балдарың телефон чалган сайын өзүмдү күнөөлүү сезип, кирээрге жер таппай калчумун.
Сени өзүмдүк кылып, азгырып алууга да кудуретим жетмек. Бирок, андай кадамга бара албадым. Сени үй-бүлөңө, бала-чакаңа кайтаргым келди. Бул дүйнөдө сага кылган жакшылыгым ушул болсун. Сени ушунчалык сүйүп туруп, сага таптакыр жолукпай тургандай чечим кабыл алдым.
Көптөн бери колумду сураган, бирок мен сүйбөгөң жигитке турмушка чыгууга макулдугумду бердим.
Үйлөнүү той күнү буркурап, көзүмдөн жаш токтобой ыйлай бердим. Көкүрөк толо бук, муң-зар сагыныч эле. А адамдар мага бакыт каалап жатышты. Өчпөгөн сүйүү каалап жатышты. А менде кайдагы бакыт, кайдагы сүйүү?!
Ошентип, жаңы турмуш башталды. Жүрөгүм бырчаланат. Кайрадан сени ойлой берем. Көкүрөктө, жүрөктө тынчтык жок. Жылуу сөздөрүң, ар бир көз карашың канжар сымал жүрөгүмдү сайгылайт.
Булак: Азия News гезити