www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 29-октябрда аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун чечими менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик клиникасы үчүн медициналык жабдууларды жана оргтехникаларды кабыл алуу жана тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, коргоо министри генерал-майор Бактыбек Бекболотов, Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы, генерал-полковник Мырзакан Субанов жана орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо иштери боюнча аскердик атташеси Игорь Довбня катышты.

Орусия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине жана ардагерлерине медициналык тез жана сапаттуу жардам бере турган физиотерапиялык жабдууларды жана башка кошумча медициналык жабдууларды өткөрүп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости