www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда октябрь окуясынан кийин таанымал болгон “бакырчаак Бакай” атка конгон Бакай Кашкарбаев камакка алынды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармакка тарады.

- “Правда менен Токтогул көчөсүндө турабыз. Азыр көчөдө акыйкатты талап кылып, кыйкырып жүргөн Бакай Кашкарбаев камалды”, -  деп айтылат видеотасмада. 

Маалыматка таянсак, ага карата “Бийлик адамына күч колдонуу” жана “бейбаштык” беренелери менен айып тагылууда.

Эске сала кетсек, Бакай Кашкарбаев учурдагы президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. Ал коомго пикирин ачык айтып жүргөнү менен таанылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости