www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия курулуш иштери үчүн өзбек мигранттарын атайын поезд менен Казакстан аркылуу алдыртууну пландоодо. Бул тууралуу ТАСС Орусиянын транспорт министринин орун басары Никита Стасишинге шилтеме берүү менен билдирди.

«Биз Өзбекстан мигранттарын тандоо, аларды эмдөө, Орусияга жеткирүү маселелерин ойлонуштуруп жатабыз. Эң коопсуз жол — Казакстан аркылуу поезд менен жеткирүү», — деди Стасишин.

Мигранттарды тандоо жыл соңуна чейин ишке ашары айтылды.

Орусия мигранттарды айыл чарба тармагына тартууну да пландап жатат. Март айынан бери мигранттар Орусияга учак менен гана бара алышат. Жумуш берүүчүлөр жол чыгымы көп болуп жатканына даттанышууда.

Жумуш күчүнүн жетишсиздигинен Орусияда мөмө-жемиштердин 20 пайызы жыйналбай калган.

Май айында Тажикстан менен Өзбекстан мигранттарына киргизилген чектөөлөр алынган. Бирок бул натыйжа берген эмес. Себеби учакка билет баасынын кымбаттыгынан көптөгөн мигранттар Орусияга бара албай калышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости