www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид 2-сентябрда италиялык La Repubblica гезитине курган маегинде Кытай Ооганстан менен дипломатиялык мамилесин үзбөй турганын билдирди. Анын айтуусунда Кабулдагы жаңы бийлик АКШнын аскерлери чыгып кеткенден кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө Бээжинге үмүт артат.

"Кытай биздин негизги өнөктөшүбүз жана Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн инвестиция салууга даяр. Биз "Бир кур-бир жол" демилгесин колдойбуз. Бизде Кытай иштетүүсү мүмкүн болгон жез кендери бар. Кытай бизди дүйнөлүк базарга алып чыгат", - деди Мужахид.

Белгилей кетсек, 2-сентябрда "Талибандын" дагы бир өкүлү Кытай Ооганстанды элчилигин жаппай, "мамилени бекемдөөгө жана гуманитардык жардамды көбөйтүүгө" убада кылганын билдирген.

АКШ жана өнөктөштөрү талибдер бийликке келгенден кийин Ооганстандагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүн жабышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости