www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы жоюлабы? Расмий жооп

Коомчулук арасында “милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жоюлат” деген маалымат тараган. Мындай такталбаган маалыматтардын келип чыгышына жакында эле аталган башкармалыктын кызматкеринин огунан каза тапкан Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү менен байланыштуу экени айтылууда. Тактоо иретинде ЖКККББнын басма сөз кызматынын башчысына байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:

“Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Коомчулукта болуп жаткан жөн эле интрига”, - деген кыскача жооп алдык.

Эске салсак, 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор аны кокусунан атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам каза тапкан.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ошол эле жосун”, “курал же атайын каражаттарды колдонуу”, “кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: Nazar.News.kg

Последние новости