www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пенсия орточо эсеп менен 455 сомго көбөйөт

Президент Садыр Жапаровдун 2-сентябрда кол койгон жарлыгы боюнча, 1-октябрдан тарта 4785,4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785,4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат.

Көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6248 сом болот. 715,5 миң пенсионердин акчасын көбөйтүүгө республикалык бюджеттен 154,3 млн. сом, ал эми пенсиялык фонддон 830,6 млн. сом талап кылынат.

Ошентип, орточо эсеп менен пенсия 455 сомго көбөйтүлөт.

Социалдык фонддун маалымдашынча, Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң аз пенсия 700 сом, эң көбү - 145 миң сом. Маалыматка ылайык, көп акча алгандардын арасында ири компанияларда иштегендер бар.

Белгилей кетсек, буга чейин пенсия 2020-жылы орточо 397 сомго, 2019-жылы орточо 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн болчу.

Эске сал салсак, 2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости