www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтайда кыргызстандык жердешин атып салган

30 жаштагы Кыргызстандын жараны киши өлтүрүү боюнча айыпталууда, деп айтылат Алтай аймагынын тергөө комитетинин сайтында.

Маалыматка ылайык, окуя августтун аягында Кулунда районунда болгон. Кыргызстандык айыл чарба талаасында эмгектенген. Ошол күнү ал мас болуп, 44 жаштагы мекендеши менен уруша кеткен.

Жыйынтыгында ал жолдошуна ок атып, экинчиси ошол жерден каза болгон.

Учурда окуянын жагдайы жана себептери иликтенип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости