www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппарат 2020-жылдын октябрь окуясында Бишкектеги митинг учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө убада кылынган батир мэриянын айрым кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам берилбей келди деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун тийиштүү буйругу 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эле берилген. Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Бишкек шаарынан батир жакынкы арада бөлүнүп берилгени жатат.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян ыплас өткөнүн айткан саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте нааразылык акциясын уюштурушкан. Ошол күнү митингчилердин милиция менен кагылышуусунда жүздөгөн адам жараат алып, Үмүтбек аттуу 19 жаштагы улан кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып көз жумган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости