www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө куш ылаңынын H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учуру Орусияда катталды. Бул тууралуу «Роспотребнадзордун» башчысы Анна Попова «Россия-24» телеканалынын эфиринде айтты.

Вирус Орусиянын түштүгүндөгү канаттуулар фабрикасынын жети кызматкеринен табылган. Аталган фабрикада 2020-жылдын декабрында куш ылаңы чыккан болчу. Адамдар менен жаныбарларды коргоо боюнча иш-чаралар өтүп, инфекциянын жайылуусуна жол берилген эмес. Учурда жети кишинин тең абалы жакшы, оору жеңил өткөн.

Попованын айтымында, азырынча вирус адамдан адамга жугат деген тастыктама жок.

«Вирус канаттуулардан адамдарга жугушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө адамдан адамга жукпайт. Кийинки мутациясы жугуу кооптуулугун жаратышы мүмкүн, аны убакыт көрсөтөт», — деди Попова.

Вирустун катталганы боюнча маалымат Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости