www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиядагы өзбекстандык мигранттарга 14-майдан тарта каржылай жардам көрсөтүлө баштайт. Өзбекстандын Москвадагы элчилиги жана консулдугу аркылуу бир жолку материалдык жардам берилет. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Расмий маалыматтарга караганда, акча мамлекеттик бюджеттен эмес, элчиликтин кайрымдуулук эсебине түшкөн каражаттан алынат.
Жардам майыптарга, эки же андан көп баласы бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга, COVID-19 диагнозу коюлган кишилерге, күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге берилет.
Акчалай жардам Орусиядагы минималдык эмгек акынын өлчөмүндө болот.
Каржылай көмөк алуу үчүн «Мехр» порталына арыз менен кайрылуу керек.
Булак: NazarNews.org