www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-майда Нур-Султан шаарындагы борбордук базарда иштеген жүздөгөн адам соода жайлары үчүн эки айга алдын ала төлөө тууралуу базар жетекчилигинин талабына каршы нааразылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.
Дээрлик эки айдан бери өлкөдөгү карантиндик чаралардан улам кирешесиз отурган соодагерлер ижара акыны алдына ала төлөөгө акчалары жок экенин айтышууда.
«Карантинге чейин бир жарым айдын ижарасын төлөп келгенбиз. Азыр май жана июнь айлары үчүн талап кылып жатышат. Биз буга чейинки чыгымдарыбыздын ордун толтура элек болсок, кантип төлөйбүз?», — деди ижарачылардын бири.
Соодагерлердин айтымында, борбордук базардагы орундардын ижара акысы да башка жерлерге салыштырмалуу кыйла кымбат, бир чарчы метр аянт үчүн жети миң теңге (16 долларга жакын) төлөөгө туура келет.
Түшкө жакын чогулгандар менен базардын өкүлү жолугуп, аларды тынчтыкка чакырды. Ал базар жетекчилиги менен имараттын ичинде сүйлөшүүнү сунуштап, ар бир катардан бирден өкүлдү бекитүүнү өтүндү.
Ушу тапта соодагерлердин өкүлдөрү менен жетекчилик ортосунда сүйлөшүү уланууда.
Булак: NazarNews.org