www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, добуш берилди. Анын жыйынтыгында төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

Биринчи окууда:

- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Мамытов Т.Т., Бакиров О.М., Турсунбаев А.А., Нурматов К.С., Сулайманов А.Т., Тулендыбаев П.Р., Самат Гүлнара-Клара, Маматалиев М.А., Маннанов И.А., Сыдыгалиев Н.О., Тагаев Э.С., Туманбаева Р.М., Ормонов У.З., Баймуратов К.Ш., Кыдыралиев У.Т., Турусбеков Б.С., Бакиров М.И., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Мамашова А.Т., Иманалиев К.К.

- “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 08.05.20дагы № 239 токтом.

Үчүнчү окууда:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.  Демилгечи – депутат Пирматов И.А.

- “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 16.12.19дагы № 682 токтом.

-  “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 03.12.19дагы № 651 токтом.

- “2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 05.12.19дагы № 663 токтом.

- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору. Демилгечи депутаттар Турускулов Ж., Шайназаров Т., Тиллаев Т., Алтыбаева А., Карашев А., Омуркулов И., Сыдыгалиев Н., Чойбеков Р., Сыдыков Б., Абдылдаев М., Керезбеков К.

- -"Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору. Демилгечи депутаттар Маматалиев М., Касымалиева А., Жеенчороев М., Дюшалиев А., Токтошев Э., Кыдыралиев У., Мавлянова М., Конушбаев Т., Келдибаев С., Тотонов Н., Рысалиев З., Жоробеков Т., Баймуратов К.

 

Последние новости