www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов Facebookтагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Анын жүрүшүндө Марипов Орусияга учуп кетүү үчүн туруктуу 6 аба каттамы бар экенин айтты.
«Ал аба каттамдары менен учууда негиздеме сурашпайт. Андан тышкары жумасына 80дей чартердик рейстер учуп жатат. Ошолор негиздеме сурап жатышат. Ошон үчүн билет кымбат болууда. Негиздемени жоюу боюнча Орусия менен сүйлөшкөндө, «COVIDсиз саякатта» деген тиркеме бар, ушул боюнча 6 лабораторияны ишке киргиздик, төртөө менчик, экөө мамлекеттик. Анализ алуу боюнча жалпысынан 60 точка иштеп жатат. Ошол жерге барып, анализ тапшырып, ошону тиркемеге жүктөсө, негиздемесиз эле билет алып, учканга мүмкүнчүлүк берет. Билеттин баасы дагы арзаныраак болот», - деди Марипов.
Булак: NazarNews.kg