www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия дагы 25 америкалык жаранга, анын ичинде АКШ президенти Джо Байдендин жубайы Жилл менен кызы Эшлиге өлкөгө кирүүгө тыюу салды.

Тизме федерациянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чектөө чаралары «АКШнын орусиялык саясий жана коомдук ишмерлерине каршы барган сайын кеңейип жаткан санкцияларына жооп катары» киргизилген.

Тышкы иштер министрлигинин жаңы тизмесине Америка президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары, республикачыл сенаторлор Чарльз Грассли менен Сьюзан Коллинз, Стэнфорд, Йел жана Гарвард университеттеринин изилдөөчүлөрү жана экономисттер кирди.

Тышкы иштер министрлигинин стоп-листине кирген адамдарга чексиз мөөнөткө өлкөгө кирүүгө тыюу салынат. Жалпысынан тизмеде миңден ашык адам бар.

АКШнын президенти Джо Байден 15-мартта Орусиянын жеке санкцияларына кабылган. Ошол учурда санкциялык тизмеге АКШнын коргоо министри Ллойд Остин, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана президенттин уулу Хантер Байден кирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости