www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия ИИМи Дмитрий Гордонго издөө жарыялады

Орусия украин журналисти Дмитрий Гордонго федералдык издөө жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости Ички иштер министрлигинин маалыматтар базасына шилтеме берүү менен билдирди.

Издөө кылмыш ишинин алкагында жарыяланган, бирок кайсы берене менен иш козголгону айтылган эмес.

Мартта Орусиянын Тергөө комитети Гордонго карата үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал согушту тутантуу, улуттук белгилерге карата кастыкты козутуу жана Орусия куралдуу күчтөрү боюнча фейк маалыматтарды таратууга айыпталган.

Комитет журналист түз эфирде Орусияга куралдуу кол салууга жана ага каршы өзөктүк курал колдонуу менен согуш жүргүзүүгө чакырганын билдирген. Мындан тышкары Орусия жарандык инфратүзүмдөрдү жана жай тургундарды бомбалаганы жана артиллериядан аткылаганы жөнүндө жалган маалымат таратканы айтылган.

Гордон Орусияда өзүнө карата кылмыш иши козголгонун комментарийлеп жатып, “Мен үчүн Орусияда кылмыш ишинин козголушу чоң сыймык жана чоң урмат-сый, демек, мен өзүмдүн жарандык жана адамдык милдетимди туура аткарып жатам” деп билдирген.

Апрелде Дмитрий Гордон экстремисттик ишмердүүлүк же терроризмге катышы бар уюмдардын жана физикалык жактардын тизмесине киргизилген.

Ал - украиналык журналист, “Дмитрий Гордондо конокто” деп аталган программанын алып баруучусу, “Гордон” эл аралык интернет-басылмасынын башкы редактору. Саясат, маданият жана спорттун өкүлдөрү менен болгон көптөгөн маектердин автору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости