www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Жакыпов «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн аны энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев жамаатка тааныштырды.

Буга чейин “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси кызматын 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков аркалап келген. Ал 2022-жылдын май айында дайындалган. Ал эми ага чейин мамлекеттик ишкананы Мирлан Жакыпов жетектеп турган.

Белгилей кетсек, 51 жаштагы Мирлан Жакыпов 2015-жылы дагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кызматынан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости