www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте коомдук коопсуздукту камсыздоо, экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында 16-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын МТФ дарегинде жайгашкан намазканада Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан “Имам Азам” медресесинин 8 окуучусу 40 күндүк дааватка келишкенин аныкташкан.

Алар 2011-жылдын 13-сентябрдагы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү жобосунун талаптарына ылайык, өздөрү жашаган аймактардын ички иштер бөлүмдөрүнөн өздөрүнүн ишмердүүлүгүн тастыктаган аныктамаларын алышкан эмес. 

Андан сырткары, 18-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы үйдө жайгашкан каттоого алынбаган “Умар-Фарух” намазканада 12 адамдан турган жамаат 40 күндүк дааватка келишкени маалым болгон. 

Андан сырткары, Ысык-Көл РИИБдин ЭММКАКнын профилактикалык каттоосуна алынган диний экстремисттик уюмунун 28 киши мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана 25 мечит жана намазканалар текшерилди.

Азыркы учурда Ысык-Көл облусунун аймагында республиканын башка аймактарынан келишкен 270 киши даават иштерин жүргүзүүдө. Алардын ичинен Ысык-Көл районунун аймагына 3 жаамат (28 киши) келишкен. 

Ысык-Көл облусунун казыяты менен биргеликте аталган жарандарга алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жакында иш-чара өтүүчү аймактан сырткары жиберилишти.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына мечит жана медреселердин ичинде ар түрдүү диний экстремисттердин жана террористтердин кылмыштуу аракеттерине жол бербөө, алдын алуу жана болтурбоо максатында, бардык мечит жана медреселерди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү жобосунда көрсөтүлгөн тартипке ылайык дааватка чыгуунун жолдорун милдеттүү түрдө аткарылышы боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүшү боюнча каттар жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости