www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда коронавирус жуктургандардын саны 40 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа өкмөт жыйынында билдиргенин Haberturk басылмасы жазды.

Анын айтымында, дүйнөдө, өзгөчө Европада COVID-19 көбөйүүдө. Германияда, Италияда жана Францияда акыркы күндөрү илдетке чалдыккандардын саны 100 миңден ашса, Түркияда абал азырынча бир топ жакшы.

«Биз жалпысынан Түркиядагы жана дүйнөдөгү абалды байкап жатабыз. Биздин өлкөдө коронавируска чалдыккандардын көбөйүшү, жада калса жандандыруу бөлүмдөрүндө деле олуттуу эмес», - деди ал.

Кожа ошондой эле, өзгөчө 50 жаштан ашкан, оор абалда жана коркунуч тобундагы жарандар үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп: «Коркунуч тобундагы, 50 жаштан ашкан, өнөкөт оорулары жана бөйрөк оорулары бар адамдар эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынышы керек», - деди.

Ал Түрковац вакцинасына көңүл бурууга чакырып, анын натыйжалуулугун белгиледи.

Жаңы реанимация бөлүмдөрүн ачуунун кереги барбы деген суроого Кожа: «Жаңы бөлүмдөрдү ачуунун кереги жок. Эч кандай паника жок, биз COVID менен кантип жашоону билебиз. Мындан ары карантин жана ушул сыяктуу жагдайлар болбойт. Тамак-ашыбыз бар, дары-дармегибиз бар, мындан ары дагы чара көрөбүз», - деди ал.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 4-июлдан 10-июлга чейин өлкө боюнча 117 миң 95 жаңы COVID-19 учуру катталып, 31 адам каза болду.

Ал эми 27-июндан 3-июлга чейинки аралыкта 57 миң 113 инфекция аныкталып, 25 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости