www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында атайын суу төгүүчү түзүлүш менен жабдылган Ми-8 тик учагын бергени жатат. Бул тууралуу РФнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
«Техникалык жардам көрсөтүү долбоорунун уландысы катары быйыл Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ми-8МТВ-1 тик учагын ВСУ-5 суу төгүүчү аппараты менен толуктап берүүнү пландаштырууда», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 2023-жылдын март айында Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Россияда чыгарылган 40 өрт өчүрүүчү унаа Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилген. Атайын техниканы тапшыруу аземине КР Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков катышкан.
Булак: NazarNews.kg