www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу украин аскерлеринен 20-апрель, Москва убактысы боюнча саат 14.00гө чейин куралдарын таштап, багынып берүүсүн талап кылды.

Шаршемби таңда украин аскерлери билдиргендей, орус армиясы Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну уланттууда. Ал жакта украин аскерлери жана жайкын тургундар курчоодо турушат.

26-бригаданынын кол башчысы Сергей Волына заводду коргоп жаткан аскерлеринин "акыркы күндөрү эмес, сааттары калганын" айтып, жардам сурады.

"Душмандын саны бизден он эсе көп",-деди ал.

Буга чейинки багынып берүү талаптарынан, украин аскерлери баш тартышкан.

Орус армиясы бул стратегиялык порт шаарды алса, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактар менен Москва аннексиялап алган Крым жаралын байланыштырууга жол ачылат.

Дээрлик сегиз аптага созулган кармашууда орус армиясы Киев жана башка шаарларды өз карамагына ала албай калган соң, Москва эми анын башкы максаты Донецк жана Луганск облустарын толук өз көзөмөлүнө алуу экенин билдирип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости