www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украина туткундарды алмашты

Орусиянын Коргоо министрлиги 106 туткун Москвага аскердик учак менен жеткирилерин билдирди. Алар Коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарыланышат жана реаблитациядан өтүшөт.

Украина президентинин кеңесесинин башчысы Андрей Ермак 100 украин аскер кызматкери үйүнө кайтып келгенин тастыктады. Алардын арасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери, моряктар, чек арачылар жана Улуттук гврадиянын кызматкерлери бар. Ермактын айтымында, айрым туткундар жаракат алган жана илдетке кабылган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Марттына аягында Украина Орусияга оор жаракат алган туткундардын баарын өткөрүп бергенин билдирген. Туткундар менен иштөө боюнча координациялык штабдын маалыматына караганда, алар беш киши болгон. Муну алмашуу эмес репатриация деп атоого болот. Эл аралык укук нормаларына ылайык, оор жаракат алгандар жана катуу ооруган адамдар эч кандай шартсыз мекенине кайтарылышы керек.

Февралдын башында Украина аскерлеринин укуктары боюнча өкүлү Алёна Вербицкая Орусияда үч миңден ашуун киши туткунда экенин маалымдаган. Дагы 15 миңден ашуун адам, анын ичинде карапайым тургундар дайынсыз болууда. Орусия өзүнүн туткундары боюнча расмий маалыматтарды ачыкка чыгарбайт

Последние новости