www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украина калкты алты гуманитардык коридор аркылуу эвакуациялоо үчүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 21:00гө чейин 12 саатка ок атышпоо тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Украинанын министри Ирина Верещук өз кайрылуусунда билдирди.

Маалыматка караганда, Энергодар — Запорожье, Сумы — Полтава багыты боюнча, Мариуполдон Запорожье, Волноваха — Покровск шаары, Изюм — Лозовая багыты боюнча гуманитардык коридорлор ачык. 

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга байланыштуу, украиналык жарандар башка өлкөлөргө баш калкалоо үчүн чыгып кетип жатышат. 

БУУнун маалыматында учурда Украина качкындарынын саны 2 миллиондон ашты. Эгер кырдаал токтобосо, аталган аймактан чыгып кеткендердин саны 4 миллионго жетиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости