www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Ташкенттеги элчиси Микола Дорошенко Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нота жөнөтүп, "Украинадагы согуш тууралуу жалган маалымат таратып жаткан телеканалдарды жабууну" өтүндү. Бул тууралуу элчи көз карандысыз Yep.uz сайтына берген маегинде билдирди.

Элчи маегинде Өзбекстанда Украинадагы чыныгы гуманитардык катастрофа жеткиликтүү деңгээлде чагылдырылбай, коомдук пикир негизинен орусиялык телеканалдар аркылуу калыптанып жатканын айткан.

"Биз Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, Украинадагы согуш тууралуу жалган маалыматтарды таратып жаткан телеканалдарды жабууну өтүндүк. Кайсы каналдарды көрсөтүү керектигин өкмөт, бийлик жана ал тармакта иш алып барган бизнес чече турганын түшүнөбүз, бул алардын укугу. Бирок биз кайсы каналдар туура эмес позицияны калыптандырып жатканына көңүл буруудабыз", – деген Дорошенко.

Ал ошондой эле Украинанын элчилиги күн сайын өзбек ЖМКларына Украинанын түрдүү аймактарындагы кырдаал тууралуу пресс-релиздерди жөнөтүп жатканын кошумчалаган.

Yep.uz сайтынын негиздөөчүсү Марина Козлованын айтымында, 4-мартта редакцияга Өзбекстандын Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинен кат келген. Анда украин элчиси менен маекти "24 сааттын ичинде" өчүрүү талабы жазылып, сайттын макаласында мыкаачылыкты пропагандалаган сүрөт жана видеолор бар экени белгиленген. "Өзбек бийлиги Украина тууралуу чындык үчүн мени коркутуп жатат!" – деп жазды Козлова Facebook баракчасына.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости