www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аймагына терең сокку урууга жөндөмдүү күчтүү учкучсуз учактарды колдонууга мүмкүндүк берген 10 жашыруун база түзгөн. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, союздаш өлкөлөр үчүн узак мөөнөттүү коркунуч жаратышы мүмкүн болгон базалардын айрымдары буга чейин Украинага каршы сокку урууда колдонулуп келет.
Европалык жана америкалык чалгын кызматтарынын өкүлдөрүнүн айтымында, Орусия Польша аймагында куралдуу провокацияларды уюштуруу, маанилүү инфраструктуралык объектилерге ракета же дрон чабуулдарын жасоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
НАТОнун өкүлү альянс союздаш мамлекеттердин аймагынын «ар бир сантиметрин коргоого даяр» экенин билдирди.
Ошондой эле НАТО ар кандай коркунучтарга, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттардан келип чыгуучу коркунучтарга каршы коргонуу жана бөгөт коюу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да күчөтөрүн белгиледи.