www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия 2023-жылы Түндүк Кореяга дан бере баштамакчы. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин башчысы, Россия Федерациясы менен Түндүк Корея өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Александр Козлов билдирди. Анын Түндүк Кореянын тышкы экономикалык иштер министри Юн Чжон менен жолугушуусунун жыйынтыгында өлкөлөр эт соодасынын келечегин талкуулап жатканы да белгилүү болду, деп билдирет ТАСС.
Александр Козлов эт жана дан соодасы пландарынан тышкары түндүк кореялык кесиптеши менен жер казынасын пайдалануу жаатындагы өлкөлөрдүн кызматташуусу тууралуу сүйлөштү. «Түндүк Кореянын минералдык-сырьелук базасы сырьенун ар кандай түрлөрүнө бай. Түндүк Кореяда ковиддик чектөөлөр алынып салынгандан кийин, биз биргелешкен геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашырууну талкуулоого адистерибизди тартууга даярбыз», - деди россиялык министр.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга каршы санкциялар боюнча комитети жарыялаган маалыматтарга караганда, дээрлик эки жылга созулган тыныгуудан кийин Орусия Түндүк Кореяга мунай продуктуларын жеткирүүнү кайра баштады. 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын апрелине чейин өлкөгө 67,3 миң баррель мунай продуктулары жөнөтүлгөн.
2022-жылдын күзүндө Орусия менен Түндүк Кореянын Ыраакы Чыгыштын бажысы аркылуу соода жүгүртүү дээрлик толугу менен токтоп, бир жылда 300 эсеге, 20 тоннага чейин кыскарганы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg