www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда 3 мигрант газга ууланып каза болду

Орусияда иштеп жүргөн Тажикстандын 23 жаштагы жараны Шоира Рахимкулова, анын төрт жашар кызы жана алар менен бир үйдө жашаган Далер аттуу 27 жаштагы тажик жараны газга ууланып каза болду.

Москва облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, эмгек мигранттары Подмосковьеде кытайлык бай үй-бүлөнүн хан сарайында иштеп жүрүшкөн. 13-декабрда бөлмөлөрдүн бириндеги түтүктөн газ чыгып, уйкудагы тажикстандыктар ууланып өлгөн. Үйдүн ээси хан сарайды тапшырып кеткен Лю Чен аттуу кытай жараны аман калып, тез жардам чакырууга үлгүргөн.

Ал ортодо Шоира Рахимкулованын жакындары анын сөөгүн мекенине алып кете албай жатышканын билдирүүдө.

"Орусияда тааныштарыбыз жок, сөөктү кантип алып кетүүнү билбей жатабыз. Шоира күйөөсү менен Тажикстанда жүргөндө эле ажырашып кеткен. Орусияга кытайлык байдын үйүндө иштөө үчүн кеткен. Ошол эле маалда ал Тажик улуттук универвитетинде сырттан окуп, окуусуна акча топтоп жүргөн", – деди маркумдун эжеси Парвина Абдуллоева.

Жыл сайын Орусиядан Тажикстанга түрдүү кырсыктардан каза болгон миңдеген тажик жаранынын сөөгү келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости