www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Воркута шаардык соту Москва шаарынын 60 жаштагы тургуну, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин пенсионерин айыпка жыкты.

14-апрелде Коми Республикасынын прокуратурасынын сайтында маалымдалгандай, айыпталуучу Воркута шаарында 2010-2017-жылдары жашап, ал жерден 1,6 (түндүк коэффициент) аймактык коэффициентин эске алуу менен пенсия алып турган. Бирок, ал 2017-жылы Москвага көчүп кетип, Коми Ички иштер министрлигинин Финансылык колдоо борборунун пенсияларды төлөө бөлүмү жашаган жерин өзгөрткөндүгү тууралуу кабарлаган эмес жана жогорулатылган өлчөмдө пенсия алууну уланткан.

Натыйжада үч жылга жетпеген убакытта бюджеттен негизсиз 527 миң рубль алган.

Аталган жаранга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 159.2-беренесинин 3-бөлүгү («Төлөмдөрдү алууда алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Ал күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 50 миң рубль айыпка жыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости