www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда Кыргызстандан барган жүгөрүдөн ГМО табылды

 

Россельхознадзор Кыргызстандан барган 14,2 тонна жүгөрүнүн үрөнүндө ГМО бар экенин аныктады. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан барган дан өсүмдүктөрүндө алардын сортун жана уруктун сапатын тастыктоочу документтер болгон эмес.

«Продукция Кыргызстандын тиешелүү органдары тарабынан катталган коштоп жүрүүчү фитосанитардык сертификат менен киргизилген. Андагы маалыматтар транспорттук документтер менен дал келбейт», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандан импорттолгон балыктарга тыюу салган.

Апрелде Россельхознадзор адал эт азыктарын өндүргөн «Тойбосс» компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы менен соя аныкталганын кабарлаган. Компания билдирүүнү четке каккан.

21-апрелде Орусия Кыргызстандан сүт азыктарынын бардык түрүн импорттоону убактылуу токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости