www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаршембиде күндүз Баткен, Ош облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19...+24, Талас жергесинде +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +15...+20, Нарын аймагында +14...+19 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +22...+24 жана Ош калаасында +26...+28 градуска жетет.
Булак: NazarNews.kg