www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленинград облусунда кыргызстандык жаранды унаа коюп кеткенден, ал каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Всеволожск шаарында айдоочу 42 жаштагы кыргызстандыкты уруп кетип, кырсык болгон жерден качып кеткен. Натыйжада кыргызстандык жаран алган жаракатынан улам каза болгон.

Айдоочуга карата Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси "Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү" боюнча кылмыш иши козголду. Сүзгөн адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Окуяны Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербургдагы элчилигинин кеңсеси өзгөчө көзөмөлгө алды. Дипломатиялык өкүлчүлүк каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келүүгө көмөктөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости