www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдиктердин Орусияга кирүү жана чыгуусун, ошондой эле алардын өлкөдө жүрүү шарттарын жөнгө салуучу жаңы мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу кечээ, 26-августта Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.

"Бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн комплекстүү мамиле керек. Өлкөбүздүн аймагына кирүү көзөмөлү, иммигранттардын жүрүү эрежелери биздин өлкөнүн аймагындагы коопсуздук режиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат", - деди ал.

Медведев Коопсуздук кеңешинин миграция маселеси боюнча чоң жыйыны үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтөрүн кошумчалады.

"Жаңы комплекстүү мыйзам долбоору даярдалып жатат, ал чет өлкөлүктөрдүн биздин өлкөгө кирүү, чыгуу жана болуу шарттарын жөнгө салышы керек", - дейт Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.

Эске сала кетсек, апрель айында чет элдик жарандар менен эмгек мигранттарынын арасында кылмыштуулуктун саны өскөн. Январь-февраль айларында өлкөгө кирүү эрежелерин жана жүрүү режимин бузуулардын саны 114 пайызга өскөн. Чет өлкөлүк жарандардын арасында мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн жана ишмердүүлүктүн айрым түрлөрү боюнча чектөөлөрдү сактабоо фактылары көбүрөөк аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости