www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдын ала маалыматтар боюнча, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ордуна өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный келе алат. Бул тууралуу Германиянын Bild таблоид басылмасы жазды.
Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, азыркы мамлекет башчысы менен башкы командачынын ортосунда олуттуу жаңжал болгон имиш. Ошол эле учурда Bild өз булактарына таянып, Залужный согуштук аракеттер аяктагандан кийин Украинанын жаңы президенти болушу мүмкүн деп ырастоодо.
Өз кезегинде Зеленский мындай версияларды спекуляция деп эсептейт.
Буга чейин Зеленский үстүбүздөгү жылдын февраль айында СВОну токтотуу үчүн кызматтан кетүүнү ойлоп жатканы белгилүү болгон. Украина президентинин аппаратынын кеңешчиси Алексей Арестович гезитке президенттин сакчысы Зеленскийге Киевди таштап, Украинанын батыш аймагына барууну сунуштаганын билдиген.
Белгилей кетсек, маалымат каражаттары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы жаңжалдын күчөшүн талкуулап жатышат. 15-июнда украин лидери армиянын командачылыгына нааразылыгын билдирген. Зеленскийдин айтымында, Залужный ага аскерлердин жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги тууралуу маалымат берген эмес. Ал эми ал айтып жаткан маалымат алардын коомдо айткандарынан кыйла айырмаланат.
Булак: NazarNews.kg