www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Пермь шаарындагы ок-дары жасаган заводдо өрт чыгып, цехте иштеген үч киши каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Кырсык 22-октябрдан 23-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандардын саны белгисиз.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрткө байланыштуу маалымат тараткан эмес. Айрым басылмалар жазгандай, заводго жакын жашаган үйлөрдүн жашоочулары өрт чыгардын алдында жарылуулардын үнүн угушкан.
Пермь ок-дары заводу (Пермский пороховой завод) – Орусиянын коргонуу тармагындагы эң ири ишканалардын бири. Заводдо ракетанын кыймылдаткычтарына, жапырт аткылоочу "Град", "Смерч" системаларына, абадан коргонуучу системаларга жана башка ок атуучу куралдарга түрдүү дүрмөттөр жасалат.
Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш баштагандан бери Пермдеги бул заводдо катталган экинчи өрт. Биринчиси май айында болгон. Анда эки адам өлүп, бир киши оор абалда ооруканага жеткирилген эле.
Булак: NazarNews.kg